Нарындагы “Куланак” ГЭСин куруу долбоору ишке ашырыла баштады

Нарындагы “Куланак” ГЭСин куруу долбоору ишке ашырыла баштады.

Министрлер кабинетинин маалыматына ылайык, Нарын дарыясында кубаттуулугу 100 МВт деп белгиленген ГЭСти куруу жана эксплуатациялоо долбоорун жоопкерчилиги чектелген коом өз каражатына ишке ашырат.

Сметалык документация боюнча курулуштун мөөнөтү 4 жылды, ал эми тосмонун  бийиктиги 27 метрди түзөт.