Парламентте жаңы депутат Абдыбахаб Боронбаев ант берди

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында «Ата Журт-Кыргызстан» партиясынан депутат болуп келген Абдыбахаб Боронбаев ант берип, ыйгарым укуктарын аткарууга киришти.

Парламенттин басма сөз кызматынан такташкандай, ал министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалган Бакыт Төрөбаевдин ордуна келди.