Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал салыштырмалуу туруктуу

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал салыштырмалуу туруктуу.

Чек ара кызматынан “Азаттыкка” билдиришкендей, тараптар жаңжал чыккан аймакка тартылган кошумча куралдуу күчтөрдү кайра артка чыгарууну макулдашты.

Баткендеги абалды көзөмөлдөп, күч кызматтары менен жергиликтүү бийликтин ишин координациялоону жеринен Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов жүргүзүүдө.

Эске салсак, кечээ кечинде кыргыз-тажик чек арасында эки жолу ок атышуу болду.

Буга байланыштуу 13-апрелге караган түнү Тажикстандын “Овчи-Калача” көзөмөл өткөрүү бекетинде башталган эки тараптуу сүйлөшүү аяктай элек.