Токтогул районунда жаңы калкты тейлөө борбору ачылат

Токтогул районунда жаңы калкты тейлөө борбору ачылат.

Президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына караганда, буга чейин аймактагы калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмү шаардык маданият үйүнүн имаратында жайгашып, бөлмөлөрдүн тардыгынан кызматкерлерге жана жарандарга ыңгайсыздык жаралып келген.

Калкты тейлөө борборундагы шарттарды жакшыртуу максатында, учурда Токтогул шаарындагы «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын имараты оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.

Белгилеп кетсек, ал жерде жалпысынан райондун 100 миңден ашык калкы тейленет.