Баткен облустук ички иштер башкармалыгы күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.
Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Баткен жана Согди облусунун милиция кызматкерлери чек арага чектеш Лейлек районунун Максат, Арка-2, Жаштык, Борбордук, Достук айылдарында жана Согди облусунун Расулов районуна чектеш аймакта биргелешкен кайгуул иштерин жүргүзүүдө.
Ошондой эле, жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында, күнү-түнү кайгуул посттору коюлуп, түшүндүрүү иштери өтүүдө.