Быйыл Кыргызстанда жаздык эгин аз айдалды

Быйыл Кыргызстанда жаздык эгин аз айдалды.

Улуттук статистика комитетинен билдиришкендей, март айындагы аба ырайынын туруксуз шарттары, тагыраагы, температуранын төмөндөшү менен жаан-чачындын көп болушу жазгы талаа иштеринин темпинин төмөндөшүн шарттады.

Маалыматка ылайык, быйыл республика боюнча жалпысынан 78 миң гектардан ашык жаздык эгин айдалды, бул былтыркыга караганда 26 пайызга аз.