ӨКМ: Баткенде жалпысынан 644 адам эвакуацияланды

Баткен облусунун Лейлек районунда 12-апрелде саат 19:20лар чамасында мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде катталган кырдаалга байланыштуу жергиликтүү калк туугандарына жана убактылуу жайгаштыруу пункттарына эвакуацияланды.

Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Малыматка ылайык, Баткен облусу боюнча жалпысынан 644 жаран (53 эркек, 246 аял, 345 жаш бала) убактылуу пункттарына жайгаштырылган.

Анын ичинен 50 тургун учурда өз үйлөрүнө кайтышты.

Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан облус аймагында 1 миң 700 орундуу 13 убактылуу жайгаштыруу пункттары даярдалды.