Ош шаарында 100дөн ашуун бала-бакча жетишсиз.
Бизге шаардык мэриядан такташкандай, шаардагы балдардын бала бакчага баруусун 100 пайыз камтуу үчүн 250 орунга ылайыкталган 106 мектепке чейинки мекеме куруу керек.
Маалыматка ылайык, быйыл түштүк калаада 3 бала бакчанын курулушу башталат.
Эки мектепке чейинки мекемеге кошумча корпус курулат.
Мындан тышкары, учурда 120 орундуу балдар бакчанын курулушу уланууда.
Бул иштер жергиликтүү бюджеттен каржыланат.