Кыргызстан 4 ГЭСти модернизациялоо менен эксплуатациялык чыгымдарды 50 пайызга азайтууну көздөөдө

Кыргызстан 4 ГЭСти модернизациялоо менен эксплуатациялык чыгымдарды 50 пайызга азайтып, станциялардын пайдалануу мөөнөтүн 35-40 жылга узартып, кубаттуулукту 3,2 мегаватка көбөйтүүнү пландоодо. Бул тууралуу бизге “Чакан ГЭС” ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, станциялардын суу агымын натыйжалуу пайдалануунун эсебинен электр энергиясын иштеп чыгуунун кошумча 20 пайызга өсүшү күтүлөт.… Кененирээк…

“Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасы ачык акционердик коом болуп өзгөртүлдү

“Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасы ачык акционердик коом болуп өзгөртүлдү. Тийиштүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы кол койду. Маалыматка ылайык, муну менен потенциалдуу стратегиялык инвесторлордон түз инвестицияларды тартууга шарт түзүү пландалууда. Кошумчаласак, өзгөртүп түзүлгөн “Кыргыз почтасынын” акцияларын фондулук биржада ажыратууга тыюу салынганы белгиленди.

Кыргызстанда музейлердин иштөө тартиби жылдырылды

Кыргызстанда музейлердин иштөө тартиби жылдырылды. Маданият министрлигинин маалыматына караганда, музейлердин иштөө убактысы туристтердин жана кардарлардын ыңгайлуулугу үчүн өзгөртүлдү. Графике ылайык, тарых музейи күнүгө саат 10дон кечки 8ге чейин, ал эми Гапар Айтиев атындагы көркөм өнөр музейи жуманын бейшемби күнү саат 11ден тарта кечки 8ге чейин,… Кененирээк…

Быйыл Ош шаарында 3 бала бакча жана 2 мектептин курулушун баштоо пландалууда

Быйыл Ош шаарында 3 бала бакча жана 2 мектептин курулушун баштоо пландалууда. Бул тууралуу бизге түштүк калаа мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, балдар бакчасынын курулушу жергиликтүү бюджеттен, ал эми мектептер республикалык казынадан каржыланаат. Мындан тышкары, учурда 120 орундуу балдар бакчанын курулушу уланууда. Ошондой… Кененирээк…

Пенсиялык реформа учурда иштеп жаткан 100 миң пенсионерге таасирин тийгизиши мүмкүн

Пенсиялык реформа учурда иштеп жаткан 100 миң пенсионерге таасирин тийгизиши мүмкүн. Кыргызстанда канча пенсионер иштеп жаткандыгын Социалдык фонддон жергиликтүү маалымат каражаттары тактады. Белгилүү болгондой, 2021-жылдын 1-январына карата пенсияга чыгып, бирок иштеп жаткандардын саны 98 миң 587 адамды түздү. Эске салсак, Социалдык фонддун төрагасынын орун басары… Кененирээк…

Кыргызстандагы 4 ГЭСти модернизациялоого ЕРӨБ 18,5 млн евро бөлүшү күтүлүүдө

“Чакан ГЭС” ишканасынын курамындагы 4 гидроэлектростанцияны модернизациялоо боюнча Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен алдын ала каржылоо макулдашылды. Бизге “Чакан ГЭСтен” такташкандай, долбоорго болжол менен 18,5 миллион евро керектелет. Анын 6,5 миллиону жеңилдетилген насыя грант катарында берилсе, модернизациялоо жана долбоорду ишке ашыруу боюнча иштер 12… Кененирээк…

Өлкөнүн басымдуу аймактарында туруксуз аба-ырайы күтүлөт

Өлкөнүн басымдуу аймактарында туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Синоптиктердин маалыматына ылайык, эртең жана бүрсүгүнү Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында нөшөрлөгөн жаан жаайт.   Чүй, Талас жана Ысык-Көлдө ал катуу шамал менен коштолот. Түштүктө дарыяларды суунун деңгээлинде көтөрүлөт. Тоолуу райондордо сел жүрүү коркунучу жаралды, — дешти Кыргызгидрометтен.

Тез даярдалуучу тамактар эмне себептен табитти ача турганы аныкталды

Тез даярдалуучу тамактар эмне себептен табитти ача турганы аныкталды. Диетолог Елена Соломатинанын айтымында, фастфуд азыктарында май, углевод жана минералдык заттар туура эмес өлчөмдө болгондуктан, организм тоюп-тойбогонун сезбей калат.   Андыктан, адис гамбургер, шаурма, фри картошкасы жана башка тез даярдалуучу азыктарды ченеп жеш керек деп эскертет.… Кененирээк…

Бишкек менен Ташкент шаарларын байланыштырган автобустук каттам 2 жылдык тыныгуудан кийин жанданды

Бишкек менен Ташкент шаарларын байланыштырган автобустук каттам   2 жылдык тыныгуудан кийин жанданды. Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, коомдук транспорт күн сайын ордо калаадагы Батыш унаа бекетинен түнкү саат 11:30да кетет.   Билеттин баасы эки эсе кымбаттап, чоңдор үчүн 2 миң, балдарга 1 миң сомду… Кененирээк…

Бишкек мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр орун алды

Бишкек мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр орун алды. Муниципалитеттин маалыматына ылайык, “Тазалык” ишканасынын жетекчилигине Султан Алыбаев бекитилди. Ал эми Жеке турак-жай курулушу боюнча департаментти эми Койчукул Ибраимов башкарат.   Ал буга чейин жетекчинин орун басары болуп эмгектенген. Тиешелүү жарлыктарга мэр Эмилбек Абдыкадыров кол койду.