Аксыда архитектура кызматынын жаңы имараты курула баштады.
Бизге жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, Жалал-Абад облусунун Кербен шаарындагы райондук архитектура кызматынын имараты эки кабаттуу, заманбап болот.
Аны курууга жалпы 8 миллион сомго жакын бөлүндү. Анын 4 миллиону райондун өнүктүрүү фондунан, калган сумма мекеменин жеке салыгынын эсебинен каржыланууда.
Белгилеп кетсек, архитектура кызматынын административдик имараты жоктугунан кызматкерлер 1995-жылдан бери ижарага ар кайсы мекемелерде иштеп келишкен.