Кыргызстанда 40тан ашык мамлекеттик лаборатория санариптик форматка өттү

Кыргызстанда 40тан ашык мамлекеттик лаборатория санариптик форматка өттү.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, жарандар https://ilab.med.kg/ порталы аркылуу өздөрүнүн лабораториялык изилдөөлөрүнүн жыйынтыктарын онлайн ала алышат.

Лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгын алуу үчүн https://ilab.med.kg/ шилтемеси аркылуу өтүп, андан соң «Анализдердин натыйжалары» дегенди тандап, PIN, паспорттун серия жана номерин толтуруңуз, андан кийин сиз лабораториялык изилдөөнүн жыйынтыгын QR код менен корголгон pdf форматында жүктөп алуу мүмкүнчүлүгү пайда болот.

Ошондой эле лабораториялык маалыматтык системаны “Түндүк” электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы менен интеграциялоо боюнча иштер жүрүп жатат, ал үчүн кызмат алуучулар каалаган Калкты тейлөө борборлорунан электрондук цифралык кол тамганы алышы керек.