Ошто жаңы мектептин курулушу дээрлик аягына чыгып калды

Ошто жаңы мектептин курулушу дээрлик аягына чыгып калды. Капиталдык курулуш башкармалыгынын маалыматына ылайык, объект 275 окуучуга чакталган. Учурда мектептин айланасын көрктөндүрүү иштери жүрүүдө.   Объект июндун аягында колдонууга берилип, жаңы окуу жылында окуучулар үчүн мектептин каалгалары ачылат.

Кыргызстанда ушул жумада контролдук калкты каттоо башталат

Кыргызстанда ушул жумада контролдук калкты каттоо башталат.   Өнөктүк   23-апрелден 2-майга чейин алыскы райондордогу эл каттоо менен биргеликте өтөт.   Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, маалымат өлкө жарандары тууралуу так статистиканы чыгаруу үчүн талап кылынат. Эске салсак, калкты жана турак-жай фондун каттоонун биринчи этабы 24-марттан… Кененирээк…

CASA-1000 долбоорунун алкагында Кыргызстанда электр өткөрүү линияларынын курулушу уланууда

CASA-1000 долбоорунун алкагында Кыргызстанда электр өткөрүү линияларынын курулушу уланууда. “Улуттук электр тармактары” компаниясынын маалыматына ылайык, бүгүнкү күнгө карата жумуштардын 50 пайызы аткарылды.   Линиялар Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустары аркылуу Тажикстан менен чек арага чейин өткөрүлөт. Иштерге 84 атайын техника жана 200дөн ашык адис тартылды.… Кененирээк…

Темирлан Сманбеков Ысык-Көл драма театрына жетекчи болду

Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрына Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Темирлан Сманбеков жетекчи болуп дайындалды.   Маалыматты аталган театрдан билдиришти.   Сманбеков мурда Муса Жангазиев атындагы куурчак театрынын директору, Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынын директору болуп иштеген. Клавдий (“Гамлет”), Антоний (“Антоний… Кененирээк…

«Асман» шаары курула турган аймак кайра каралууда

Ысык-Көл облусундагы “Асман” шаары түшө турган аймак кайра каралууда. Бул тууралуу шаарды куруу дирекциясынын башкы директору Руслан Акматалиев «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, шаар түшө турган жердин орду Тимур Файзиев дирекцияга жетекчи болуп турган учурда өзгөртүлгөн. Учурда Чырпыкты айылына жакын жер дагы альтернатива катары каралууда. «Тимур… Кененирээк…

Москвада 200 миңдей киши жумушсуз калышы мүмкүн

Россиянын баш калаасы Москвада чет өлкөлүк компаниялар ишин токтотконуна байланыштуу 200 миңдей киши жумушунан айрылып калуу коркунучунда турат. Бул тууралуу Москванын мэри Сергей Собянин 18-апрелдеги блогунда билдирди. Анын айтымында, өткөн аптада Москвадагы жумуш орундарын колдоону максат кылган 41 миллион доллардык программа кабыл алынды. Анын алкагында… Кененирээк…

Бишкек жана Чүй облусунун айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт

Бишкек жана Чүй облусунун айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт.   “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 5ке чейин жарык Асаналиев, Токтоналиев, Жаш Гвардия көчөлөрүндө, Учкун, Тынчтык, Арча-Бешик, Дордой конуштарында жана Көк-Жар, Пригородное, Манас, Беловодск, Александровка, Ак-Суу айылдарында жок болот.   Убактылуу чектөөлөр ремонттук… Кененирээк…