Акжол Махмудов Азиянын эки жолку чемпиону аталды.
Дүйнөлүк күрөш уюмунун маалыматына караганда, ал Монголиядагы грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатында алтын медаль утту.
Финалда кыргызстандык балбан казакстандык Максат Ережеповго каршы күчүн сынап, 3:1 эсебинде жеңип алды.
Жарым финалда биздин спортчу түштүк кореялык Олимпиада чемпиону Ким Хён У менен кармашып, жыйынтыгында 4:1 эсебинде жеңишке жеткен.
Дагы бир балбан Тынар Шаршенбеков 63 килограммга чейинки салмак ченинде алтын медаль алды.
Ушул күндөрү Улан-Батор шаарында күрөш боюнча Азия чемпионаты өтүүдө.
24-апрелге чейин созула турган мелдешке Кыргызстандын атынан жалпы 21 балбан катышып жатат.