“Ак-тилекте” оор жүк ташыган унаалардын тыгыны жоюла элек

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-тилек” өткөрмө бекетинде оор жүк ташыган унаалардын тыгыны жоюла элек.

Novosti.kgге Чек ара кызматынан такташкандай, учурга карата 200дөн ашуун машине кезекте турат.

Маалыматка ылайык, тыгындын себеби казак тараптын чек арачылары унааларды улам токтотуп коюп жатканы менен байланыштуу.

Кошумчаласак, унаалардын узун кезеги «Ак-Тилектин» жанында соңку бир жумадан бери байкалууда.