Бишкек мэриясы Кыргызстанда жасалган автобустарды азырынча сатып ала албайт

Бишкек мэриясы Кыргызстанда жасалган автобустарды азырынча сатып ала албайт.

Транспорт департаментинин директору Максат Нусувалиев мунун себебин унаанын баасынын кымбаттыгы жана сапатына сертификаттын жоктугу менен байланыштырды.

Ишканадан расмий кат келди. 500 даанадан өйдө алсаңар дүң баа боюнча 178 миң 500 евродон бергенге даярбыз, аткаруу мөөнөтү 12 ай деп жатышат. Бул өтө эле кымбат.

Мисалы, дүйнөлүк бренддердин баасы буга караганда бир топ төмөн, — деп билдирди Нусувалиев.

Эске салсак, президент Садыр Жапаров буга чейин өлкөдө куралган 10 автобусту мамлекет сатып аларын билдирген.