Бишкек мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр орун алды. Муниципалитеттин маалыматына ылайык, “Тазалык” ишканасынын жетекчилигине Султан Алыбаев бекитилди. Ал эми Жеке турак-жай курулушу боюнча департаментти эми Койчукул Ибраимов башкарат.
Ал буга чейин жетекчинин орун басары болуп эмгектенген. Тиешелүү жарлыктарга мэр Эмилбек Абдыкадыров кол койду.