“Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасы ачык акционердик коом болуп өзгөртүлдү

“Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасы ачык акционердик коом болуп өзгөртүлдү.

Тийиштүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы кол койду.

Маалыматка ылайык, муну менен потенциалдуу стратегиялык инвесторлордон түз инвестицияларды тартууга шарт түзүү пландалууда.

Кошумчаласак, өзгөртүп түзүлгөн “Кыргыз почтасынын” акцияларын фондулук биржада ажыратууга тыюу салынганы белгиленди.