Ошто жаңы мектептин курулушу дээрлик аягына чыгып калды

Ошто жаңы мектептин курулушу дээрлик аягына чыгып калды. Капиталдык курулуш башкармалыгынын маалыматына ылайык, объект 275 окуучуга чакталган. Учурда мектептин айланасын көрктөндүрүү иштери жүрүүдө.

 

Объект июндун аягында колдонууга берилип, жаңы окуу жылында окуучулар үчүн мектептин каалгалары ачылат.