Кыргызстанда ушул жумада контролдук калкты каттоо башталат.
Өнөктүк 23-апрелден 2-майга чейин алыскы райондордогу эл каттоо менен биргеликте өтөт.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, маалымат өлкө жарандары тууралуу так статистиканы чыгаруу үчүн талап кылынат. Эске салсак, калкты жана турак-жай фондун каттоонун биринчи этабы 24-марттан 3-апрелге чейин өткөн.
Бирок анын алкагында басымдуу кыргызстандыктар ар кандай себептер менен каттоого алынбай калганы белгилүү болду.