CASA-1000 долбоорунун алкагында Кыргызстанда электр өткөрүү линияларынын курулушу уланууда

CASA-1000 долбоорунун алкагында Кыргызстанда электр өткөрүү линияларынын курулушу уланууда. “Улуттук электр тармактары” компаниясынын маалыматына ылайык, бүгүнкү күнгө карата жумуштардын 50 пайызы аткарылды.

 

Линиялар Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустары аркылуу Тажикстан менен чек арага чейин өткөрүлөт. Иштерге 84 атайын техника жана 200дөн ашык адис тартылды.

 

Эске салсак, CASA-1000 долбоорунун алкагында Кыргызстан жана Тажикстандын электр энергиясы жайкысын Афганистан менен Пакистанга экспорттолот.