Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолу эки тараптуу жабылды
Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолу эки тараптуу жабылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, бүгүн эртең мененки саат 9дар чамасында жааган жаандын кесепетинен кокту колоттордон келген сел аталган жолдун болжол менен 40-44 чакырымын каптаган. Учурда жеринде тазалоо иштери жүрүүдө.