Кыргызстанда 6 миң дыйкан жеңилдетилген насыя алды.
Бул тууралуу мамлекеттик банктардын өкүлдөрү билдиришти.
Берилген кредиттин жалпы суммасы 3 миллиард сомду түзөт.
Жеңилдетилген насыялар үч багыт боюнча — мал чарбачылыгы, өсүмдүк өстүрүүчүлүк жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүүгө жылдык 6 пайыз менен берилет.
Белгилеп кетсек, учура миңдеген фермер өздөрүнүн электрондук кезегин күтүүдө.
Ага ылайык, коммерциялык банктар дагы жеңилдетилген насыялоо долбооруна тартылганы белгилүү болду.