Медайым халат менен марафонго катышып, Гиннес рекордун жаңыртты

Филадельфиялык медайым Сэм Рокер Гиннесстин рекордун жаңылады.

Ал медициналык форма менен марафонду 2 саат 48 мүнөт 2 секундда чуркап өттү.

Буга чейинки рекордду 2019-жылы Лондон марафонунда Джессика Андерсон койгон.

Аял бул аралыкты 3 саат 8 мүнөт 22 секундда чуркап өткөн болчу.