Кыргызстанда 2022-26-жылдарга креативдүү экономиканы өнүктүрүү концепциясы бекитилди.

Кыргызстанда 2022-26-жылдарга креативдүү экономиканы өнүктүрүү концепциясы бекитилди.

Тийиштүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Концепциянын максаты — креативдүү индустриянын комплекстүү мамлекеттик саясатты калыптандыруу аркылуу экономикага кошкон салымын көбөйтүү болуп саналат.

Келечекте креативдүү экономика улуттук экономиканын тоо-кен өнөр жайы тармагына жана мигранттардын акча которууларына болгон көз карандылыгын азайтат, ошондой эле маданий мурастардын кайра жаралуусу менен глобалдашуу шартында мамлекеттин өзүн-өзү идентификациялоосуна көмөктөшөт, — деп айтылат өкмөттүн маалыматында.