Ошто күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Ош облусунда кечээ, 24-апрелде саат 20:47де очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып, ӨКМден билдиришти.

Жердин силкинүүсү Өзгөн районунун Ор-Казган айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.