Дүйнө жүзү боюнча туризм индустриясы 2023-жылга чейин 2019-жылдын деңгээлиндеги калыбына келиши мүмкүн.
Мындай тыянакка Дүйнөлүк саякат жана туризм кеңешинин адистери келишти.
Талдоочулардын баамында, экономиканын бул тармагы орто эсеп менен жылына дээрлик 6 пайызга өсөт.
Мындан тышкары, чектөөлөр жумшартылгандыктан, эл аралык каттамдарды ээлөөнүн көлөмүнүн кескин өсүшү күтүлүүдө.
Эксперттер белгилешкендей, саякатка болгон суроо-талаптын жогорулашы жакынкы 10 жылда саякат жана туризм тармагында 100 миллионго жакын жаңы жумуш орундарын түзөт.