Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолу эки тараптуу жабылды

Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолу эки тараптуу жабылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, бүгүн эртең мененки саат 9дар чамасында жааган жаандын кесепетинен кокту колоттордон келген сел аталган жолдун болжол менен 40-44 чакырымын каптаган.

Учурда жеринде тазалоо иштери жүрүүдө.