Өлкөдө эл жана турак жай фондун каттоонун экинчи этабы башталды.
Улуттук статистика комитетинен эскертишкендей, өнөктүк 2-майга чейин өтөт.
Анын алкагында, алыскы райондордо жашаган жарандар каттоого алынат.
Муну менен кошо калктын контролдук каттоосу өткөрүлөт.
Эске салсак, калкты жана турак-жай фондун каттоонун биринчи этабы 24-марттан 3-апрелге чейин өткөн.
Бирок анын алкагында басымдуу кыргызстандыктар ар кандай себептер менен каттоого алынбай калганы белгилүү болду.