Эртең Бишкектин айрым жерлеринде ичүүчү суу убактылуу жок болот

Эртең Бишкектин айрым жерлеринде ичүүчү суу убактылуу жок болот.

“Бишкексууканал” башкармалыгынан билдиришкендей, эртең мененки саат 9дан кечик 9га чейин Толстой — Горький көчөлөрүндө, Алыкулов көчөсү — анын ичинде Аскер шаарчасы, Кызыл-Аскер, 110-квартал, “Достук” кичирайонунда суу жок болот.

Суу турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки балдар мекемелеринде, саламаттык сактоо жана социалдык объектилерде жана өнөр жай ишканаларында дагы өчүрүлөт.

Чектөө оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу.