Дүйнөдө кум тартыш болууда

Дүйнө кумдун тартыштыгына дуушар болууда. Бул тууралуу БУУнун айлана-чөйрө боюнча программасынын баяндамасында айтылды. Көйгөй глобалдык урбанизациянын жана калктын санынын өсүшүнүн фонунда келип чыгууда. Жыл сайын дүйнөдө 50 миллиард тоннадан ашык кум колдонулат, бул суудан кийинки эң көп колдонулган ресурс болуп саналат. Материал курулушта керектүү сырье,… Кененирээк…

Сердар Бердымухамедов Кадыр түндүн урматына 500дөн ашык адамга мунапыс берди

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов жазасын өтөп жаткан 514 адамга мунапыс берди. Бул ырайым Кадыр түндүн урматына жасалганын «Орток Түркмөнстан» басылмасы жазды. Мамлекет башчысы тиешелүү жарлыкка өткөн жумада өкмөттүн онлайн жыйын учурунда кол койгон. Бул президенттин кызматка киришкенден берки биринчи жарлыгы экени айтылды. Түркмөнстанда мунапыс берүү… Кененирээк…

Бишкекте таштанды челектер июндан тарта жер астына орнотула баштайт

Бишкекте таштанды челектер июнь айынан тарта жер астына орнотула баштайт. Бул тууралуу “Тазалык” муниципалдык ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, алгачкы этапта 50 таштанды челек жер астына түшүрүлөт. Ошол эле учурда челектерге таштандылар мурункудай аралаш эмес, дароо иргелип салынат. Тагыраагы, таштандынын түрлөрүнө ылайык бир эле жерге бир нече… Кененирээк…

Муфтият айт намаздын программасын жарыялады

Айт намаз 2-майда Бишкектеги эски аянтта таңкы саат 6да башталат. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти. Программага ылайык, дин аалымдарынын баяндамалары жана куттуктоолорунан кийин намаз 7:30да окулат. Эске салсак, 2 жылдан  бери коронавирус пандемиясынан улам аянтта Айт намаз окууга тыюу салынып келген. Массалык сыйынууга карата президент администрациясынын… Кененирээк…

Ошто «Батыш» райондук электр тармагынын имаратына капсула салынды

Ош шаарында курулуп жаткан «Батыш» райондук электр тармагынын имаратына капсула салынды. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, объекттин курулушу 31-августта аяктайт. Белгилеп кетсек, учурда Ош шаарынын тургундарын электр энергиясы менен камсыз кылуу иштери 55 жыл мурун курулган эски имаратта жүргүзүлүп келет.

Бүгүн ордо калаанын борборунда унаа кыймылына чектөө киргизилет

Бишкекте шаар күнүн белгилөөгө байланыштуу ордо калаанын борбору унаа кыймылы үчүн жабылат. Мэриянын маалыматына караганда, бүгүн саат 4төн тарта Чүй проспектисинин Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө унаалардын жүрүшүнө чектөө киргизилет. Транспорт бардык иш-чаралар аяктагандан кийин өткөрүлө баштайт. Майрам учурунда аянтта өрт өчүрүүчүлөр жана тез… Кененирээк…

Өлкөдө ички авиакаттамдардын саны көбөйтүлөт

Өлкөдө ички авиакаттамдардын саны көбөйтүлөт. Министрлер кабинетинин төрага орун басары Бакыт Төрөбаев жарандык авиация маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Өкмөттүн басма сөз кызматынан такташкандай, анда кичи авиацияны өнүктүрүү, тармактагы кадрларды даярдоо зарылдыгы белгиленди. Анын алкагында, мамлекеттик программа кабыл алынмай болду. Ошондой эле, ата мекендик авиакомпанияларды Евробиримдиктин… Кененирээк…

Кыргызстанга кирүүдө ПЦР-тест талап кылуу жокко чыгарылды

Кыргызстанга кирүүдө ПЦР-тест талап кылуу жокко чыгарылды. Бул тууралуу коронавируска каршы республикалык штабдан билдиришти. Маалыматка ылайык, Кыргызстандын жарандары жана мамлекеттик чек араны кесип өткөн чет өлкөлүктөр үчүн тесттин терс жыйынтыгы же COVID-19га каршы эмдөөдөн өткөндүгү тууралуу күбөлүк 1-майдан тарта текшерилбейт. Мындан тышкары, жакын арада 2020-жылы… Кененирээк…