Айт намаз 2-майда Бишкектеги эски аянтта таңкы саат 6да башталат.
Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.
Программага ылайык, дин аалымдарынын баяндамалары жана куттуктоолорунан кийин намаз 7:30да окулат.
Эске салсак, 2 жылдан бери коронавирус пандемиясынан улам аянтта Айт намаз окууга тыюу салынып келген.
Массалык сыйынууга карата президент администрациясынын аймагы, тротуарлар жана жолдор калыбына келтирилүүдө.