Ош шаарында курулуп жаткан «Батыш» райондук электр тармагынын имаратына капсула салынды.
Энергетика министрлигинен билдиришкендей, объекттин курулушу 31-августта аяктайт.
Белгилеп кетсек, учурда Ош шаарынын тургундарын электр энергиясы менен камсыз кылуу иштери 55 жыл мурун курулган эски имаратта жүргүзүлүп келет.