Өлкөдө ички авиакаттамдардын саны көбөйтүлөт

Өлкөдө ички авиакаттамдардын саны көбөйтүлөт.

Министрлер кабинетинин төрага орун басары Бакыт Төрөбаев жарандык авиация маселеси боюнча кеңешме өткөрдү.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан такташкандай, анда кичи авиацияны өнүктүрүү, тармактагы кадрларды даярдоо зарылдыгы белгиленди.

Анын алкагында, мамлекеттик программа кабыл алынмай болду.

Ошондой эле, ата мекендик авиакомпанияларды Евробиримдиктин өлкөлөрүнө учууга тыюу салынган аба каттамдардын тизмесинен чыгаруу боюнча иштер күчөтүлөөрү айтылды.