Бүгүн ордо калаанын борборунда унаа кыймылына чектөө киргизилет

Бишкекте шаар күнүн белгилөөгө байланыштуу ордо калаанын борбору унаа кыймылы үчүн жабылат.

Мэриянын маалыматына караганда, бүгүн саат 4төн тарта Чүй проспектисинин Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө унаалардын жүрүшүнө чектөө киргизилет. Транспорт бардык иш-чаралар аяктагандан кийин өткөрүлө баштайт.

Майрам учурунда аянтта өрт өчүрүүчүлөр жана тез жардам унаалары нөөмөттө болушат.

Коомдук тартипти сактоону камсыздоого 1000ден ашык милиция кызматкерлери тартылат.

Эске салсак, бүгүн Бишкек шаарына 144 жыл толду.