Бишкекте таштанды челектер июндан тарта жер астына орнотула баштайт

Бишкекте таштанды челектер июнь айынан тарта жер астына орнотула баштайт.

Бул тууралуу “Тазалык” муниципалдык ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, алгачкы этапта 50 таштанды челек жер астына түшүрүлөт.

Ошол эле учурда челектерге таштандылар мурункудай аралаш эмес, дароо иргелип салынат.

Тагыраагы, таштандынын түрлөрүнө ылайык бир эле жерге бир нече челек коюлат.