Кыргызстанга кирүүдө ПЦР-тест талап кылуу жокко чыгарылды.
Бул тууралуу коронавируска каршы республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын жарандары жана мамлекеттик чек араны кесип өткөн чет өлкөлүктөр үчүн тесттин терс жыйынтыгы же COVID-19га каршы эмдөөдөн өткөндүгү тууралуу күбөлүк 1-майдан тарта текшерилбейт.
Мындан тышкары, жакын арада 2020-жылы өлкөгө киргизилген өзгөчө кырдаал режимин алуу маселеси каралат.
Белгилеп кетсек, Кыргызстанда соңку күндөрү коронавирус илдетин жуктуруп алгандар кескин азайды.