Социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгын көбөйтүүгө апрель айында  7 миллиард 190 миллион сом жумшалды

Социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгын көбөйтүүгө апрель айында  7 миллиард 190 миллион сом жумшалды. Мындай маалымат Каржы министрлигинин сайтында жарыяланды.   Сумманын басымдуу бөлүгү же 4 миллиард 930 миллион сом Билим берүү министрлигинин кызматкерлеринин маянасына жумшалды.  Эске салсак, апрелден тарта мугалимдердин, китепканада иштегендердин жана актерлордун айлыгы… Кененирээк…

Сокулукта райондук милициянын тергөөчүсү пара алып жаткан жеринен кармалды

Сокулук РИИБинин тергөөчүсү жана ыкчам кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, буга чейин атайын кызматка А.Ж. аттуу жаран кайрылып, сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн 50 миң сом акча каражатын талап кылып жаткан Сокулук РИИБинин кызматкерлерине чара көрүүнү өтүнүп арыз… Кененирээк…

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү көбөйүүдө

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү көбөйүүдө. “Электр станциялары” ишканасынын маалыматына караганда, азыркы тапта суунун көлөмү былтыркы жылдын ушул мезгилинен ашты. Нымдуулуктун деңгээли 8 миллиард 834 миллион метр кубду түздү. Бул өткөн жылдын ушул күндөгү көрсөткүчүнөн 186 миллион кубометрге көп. Учурда суунун агып келиши секундасына 539… Кененирээк…

Энергетикалык ишканалардын өз каражатына Ошто 3 объекттин курулушу башталды

Энергетикалык ишканалардын өз каражатына Ошто 3 объекттин курулушу башталды. Novosti.kgге “Ошэлектр” ишканасынын басма сөз кызматынан такташкандай, учурда «Батыш» райондук электр тармагынын имаратына капсула салынды. Ошондой эле, Ош шаарында 35 миллион сомго “Барсбек” жана Өзгөн районунда болжолу 1,5 миллиард сомдук “Исанов” көмөкчү чордонунун курулушу жүрүүдө. Маалыматка… Кененирээк…

Оштун Кара-Суу районунда кубаттуулугу 110 кВ көмөк чордон курула баштады

Оштун Кара-Суу районунда кубаттуулугу 110, 35 жана 10 кВт “Барсбек” көмөк чордонунун курулушу башталды. Бизге энергетика министрлигинин басма сөз кызматынан такташкандай, объекттин курулушуна 35 миллион сом сарпталат. Кийинки жылы пайдаланууга бериле турган курулуш энергетикалык ишканалардын өз каражатына жүргүзүлүүдө. Анын алкагында, Ош шаары ишенимдүү жана сапаттуу… Кененирээк…

Казакстан россиялык «Спутник V» вакцинасын чыгарууну токтотту

Караганды фармацевтикалык заводу коронавируска каршы россиялык «Спутник V»вакцинасын чыгарууну токтотту. Бул тууралуу Казакстандын башкы санитардык дарыгери Айжан Есмагамбетова билдирди. Анын айтымында, Казакстанда COVID-19га каршы камдыкта төрт миллион дозадан көбүрөөк вакцина бар, бул «вакцинация жана ревакцинация үчүн» жетиштүү. Буга байланыштуу кошумча өндүрүү жана сатып алуу иштери… Кененирээк…

Ысык-Көлдө желимди кайра иштетүүчү ишканалар курулат

Ысык-Көлдө желимди кайра иштетүүчү ишканалар курулат. Бул тууралуу жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова билдирди. Анын айтымында мындай ишкана Жети-Өгүз районунун Саруу айылында ачылат. Бул үчүн жабдулар Беларустан келет. Кийинки ишкана Чолпон-Атада же Балыкчыда, ошондой эле Түп районунда жайгашат.

Бишкекте кыз-келиндер күрөшү боюнча курама үчүн спортзалга капсула салынды

Бишкекте кыз-келиндер күрөшү боюнча курама үчүн спортзалдын курулушуна капсула салынды. Президенттин маалымат кызматынан кабарлашкандай, иш-чарага Садыр Жапаров катышып, бул күндү тарыхта калат деп белгиледи. Долбоорго ылайык, спортчулар үчүн дээрлик 2 миң чарчы метр аянтта күрөш залдары, 16 орундуу ашкана болот. Анын сметалык баасы 100 миң… Кененирээк…

Кыргызстанда балык экспорту өсүүдө

Кыргызстанда балык экспорту өсүүдө. Айыл-чарба министрлигинин маалыматына караганда, былтыр 5 миң тоннадан ашык балык башка өлкөлөргө жеткирилди. Бул 2020-жылга салыштырмалуу дээрлик эки эсеге көп. Балык негизинен Россия, Казакстан жана үчүнчү өлкөлөргө экспорттолот. Ал эми өлкөдөгү бирдиктүү мамлекеттик балык чарба реестринде 200гө жакын ишкана катталган, экспорт… Кененирээк…

Оштун Куршаб айылына жогорку чыңалуудагу көмөкчү станция салынат

Оштун Куршаб айылына жогорку чыңалуудагу көмөкчү станция салынат. Бул тууралуу novosti.kgге энергетика министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган объекттердин курулушуна капсула салынды. Анын кубаттуулугу 220 киловольт болот жана болжолу 1,5 миллиард сом сарпталат. Өлкөнүн алгачкы премьер-министри Насирдин Исановдун ысымы ыйгарылган көмөкчү станция Ош… Кененирээк…