Токтогулда дыйкандардын ондогон гектар жерин күздүк курт каптап кетти

Токтогулда дыйкандардын ондогон гектар жерин күздүк курт каптап кетти.

Жалал-Абад облусунун Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин боюнча башкармалыгынын башчысы Кайрат Садыков «Азаттыкка» билдиргендей, бул курт райондо жалпысынан 80 гектар жерди каптады.

Курт кайракы жерге эгилген эспарцетти жеп, талааларды такырга айлантууда.

Учурда келтирилген чыгым такталып, айдоо аянттарын дарылоо иштери жүрүп жатат.