Чолпон-Атада эл аралык туристтик көргөзмө-жарманке өтүүдө

Чолпон-Атада эл аралык туристтик көргөзмө-жарманке өтүүдө.

Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, иш-чаранын катышуучулары туристтик компаниялардын, пансионаттардын, конок үйлөрдүн жана туризм чөйрөсүндө иш жүргүзгөн уюмдардын товарлары жана кызмат көрсөтүүлөрү менен тааныша алышат.

Ошондой эле этно оюндарга, кол өнөрчүлөрдүн мастер-класстарына катышып, кечки маданий программаны көрө алышат.

«Рух Ордо» маданий борборундагы жарманке 14-майга чейин уланат.