Кыргызстандык экспорттоочулар Казакстан жана ЕАЭБ өлкөлөрүнө товар алып кирүүдө QR код менен электрондук эсеп-фактураны ала жүрүшү керек.
Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына ылайык, бул унааларга казак бийлиги тарабынан текшерүү иш-чараларын жүргүзбөстөн каттамда жүрүүгө мүмкүндүк берет.
Эсеп-фактура жок болгон учурда транспорт айып жайга жөнөтүлөт жана бардык зарыл чаралар көрүлөт.