Кыргызстандын 20 шаарында бюджеттин эсебинен заманбап ооруканалар курулат

Кыргызстандын 20 шаарында бюджеттин эсебинен заманбап ооруканалар курулат.

Бул тууралуу министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, бардык медициналык мекемелер эң жогорку талаптарга жооп берет.

Белгиленгендей, азыр бийлик долбоорду ишке ашырууга техникалык жардам бере турган эл аралык адистерди издеп жатат.