Ысык-Көлдүн жээгиндеги тосмолор 1-июлдан тарта алынат

Ысык-Көлдүн жээгиндеги тосмолор 1-июлдан тарта алынат.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Ага ылайык, аймактагы калктуу конуштардын тургундары үчүн пляж аймактарына кирүүсүнө кандайдыр бир чектөөлөр коюлбайт.

Мындан улам, көлдү курчаган дубалдар, темир торлор, металл зымторлор демонтаждалып, мындан ары орнотууга тыюу салынат.

Ошондой эле, менчик түрүнө карабастан пансионаттардын, эс алуу үйлөрүнүн, санаторийлердин, коттеждик конуштардын жетекчилери пляж аймактарын биодааратканалар менен жабдууга милдеттендирилет.