Бишкекте бала бакча менен мектептерде тамак-ашка бөлүнгөн каражат көбөйдү

Бишкекте бала бакча менен мектептерде тамак-ашка бөлүнгөн каражат көбөйдү. Муниципалитеттин басма сөз кызматынан такташкандай, бала-бакчаларда тамактанууну камсыз кылуу үчун каражат эки эсе жогорулатылды. Окуучулар жана жалпы билим берүү уюмдары үчүн да күнүмдүк тамактанууга акча мурдагыдан эселеп төлөнмөй болду. Кошумчаласак, балдардын толук кандуу тамактануусуна каражат жергиликтүү… Кененирээк…

Сузакта өзгөчө кырдаал режими 16-майда алынат

Сузакта өзгөчө кырдаал режими 16-майда алынат. Novosti.kge район акими Баратбек Сыдыкназаров билдиргендей, учурда селдин кесепетин жоюу иштери аяктап калды. Эске салсак, ушул жылдын 4-майында жааган жамгырдын кесепетинен Жалал-Абад облусунун Сузак районунун 10го чукул айылында сел жүрүп, 650 үйдүн короо жайын суу каптаган. Кырсык катталган күндөн… Кененирээк…

Жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу үчүн Түштүк Корея 5 миллион доллар грант берет

Кыргызстандагы жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу үчүн Түштүк Корея 5 миллион доллар грант берет. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, макулдашууга мекеменин орун басары Динара Кемелова менен Түштүк Кореянын климат жана айлана-чөйрө боюнча эл аралык комитетинин президентти Вон Тэ Юндун жолугушуусунда жетишилди. Маалыматка ылайык, долбоордун алкагында климаттын өзгөрүү… Кененирээк…

Электр энергиясы үчүн төлөм жүргүзбөгөндөр жарыксыз калат

Электр энергиясы үчүн төлөм жүргүзбөгөндөр жарыксыз калат. “Түндүкэлектр” 16-майдан тарта карызы бар керектөөчүлөрдү аралыктан өчүрүп баштайт. Ынгайсыз абалга кабылбаш үчүн абоненттерге ага чейин электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү жүргүзүү сунушталат.   Төлөмдөр почта, банктар жана электрондук капчыктар аркылуу кабыл алынат.

Баткен облусунда Тажикстандын 11 жараны кармалды

Баткен облусунда Тажикстандын 11 жараны кармалганын УКМКдан кабарлады. Ведомстводон билдиргендей, кармалгандар Сүлүктү шаарындагы көмүр кампаларынын биринде мыйзамсыз иштешкен. Алардын баары Тажикстан Республикасынын чек арага жакын жайгашкан Согд облусунун тургундары экени аныкталды. Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, чет элдик жарандар… Кененирээк…

Аксыда жол кырсыгынан бир адам мерт кетип, 13 киши жабыркады

Аксыда жол кырсыгынан бир адам мерт кетип, 13 киши жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, бүгүн, 13-майда таңкы саат 5:55 чамасында Аксы районундагы Кербен – Кош-Дөбө унаа жолунун 13-чакырымында “ВАЗ 2106” жана Honda Stepwgn үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы… Кененирээк…

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9 млрд 712 млн куб метрди түздү

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9 млрд 712 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.   Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 1 миң 378 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 233 куб метрге жетүүдө.

Жыл башынан бери мыйзамсыз курулган 28 миң участокко тиешелүү документтер берилди

Үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында өзүм билемдик менен курулган 28 миң участокко тиешелүү документтер берилди. Бул тууралуу «Кадастр» мамлекеттик мекемесинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө «Кадастр» ММ өзүм билемдик менен курулган участокторго укукту күбөлөндүрүүчү документтерди берүү боюнча иштерди жүргүзүп жатат.   «Бул иштер 2009-жылдын 19-июнундагы… Кененирээк…

Кыргызстандын тоолуу райондорунда сел жүрүү коркунучу жогору

Кыргызстандын тоолуу райондорунда сел жүрүү коркунучу жогору. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.   Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 13-14-майында күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Дүйнөдө сейрек кездешкен ак бриллиант 21 миллион долларга сатылды

Дүйнөдө сейрек кездешкен ак бриллиант 21 миллион долларга сатылды. Маалыматка ылайык, көлөмү жумурткадай болгон бриллиант Christie’s аукционуна чыгарылган.   228 каратты түзгөн бриллианттын салмагы 61 грамм болсо, узундугу   5,5 жана 3 сантиметрди түзөт.