Бүгүн ажылыкка катталуунун акыркы күнү.
Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жарандар Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын түзүмүндөгү облустук, шаардык казыяттарда жана райондук хатибияттарда банкка төлөнгөн 4 миң 500 доллар жана кайтарымсыз 700 сомдон төлөнгөн квитанциясынын негизинде каттоого алынат.
Учурда каттоо иши Кыргызстандын бардык аймактарында жүрүп, жалпысынан 34 пункт иштеп жатат.