Тез жардам унааларын сатып алууга бюджеттен 169 миллион сом бөлүндү

Тез жардам унааларын сатып алууга бюджеттен 169 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.   Өкмөттөн белгилешкендей, Тез жардам унааларын сатып алууга каражат “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында чогулган айыптардан алынды.

Бийлик Баткен облусунун чек арага жакын аймактарында көп кабаттуу үйлөрдү курууну пландап жатат

Бийлик Баткен облусунун чек арага жакын аймактарында көп кабаттуу үйлөрдү курууну пландап жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын башчысы Аида Төлөгөнова билдирди.   Анын айтымында, бул жылга каралган  8 миллиард сомдун 3,5 миллиардын аймактарда турак-жай курууга багыттоо пландалууда.   Биринчи кезекте Баткен облусунун айылдарында үйлөр… Кененирээк…

Улуу Британияда тургун EuroMillions лотереясынан 184 миллион фунт утуп алды

Улуу Британияда тургун EuroMillions лотереясынан 184 миллион фунт утуп алды.   The Sun басылмасы жазгандай, бул Европадагы оюндун тарыхындагы эң чоң утуш. Джекпоттун бактылуу ээси уюштуруучулар менен байланышка чыга элек, бирок журналисттердин эсептөөсү менен ал бул акчага Тайланддагы Рангиай аралын сатып ала алат.

Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 129-чакырымында таш түшүрүү жумуштары жүргүзүлөт

Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 129-чакырымында таш түшүрүү жумуштары жүргүзүлөт. “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, 16-майдан 20-майга чейин Боом капчыгайында эртең мененки саат 9дан күндүзгү 3кө чейин  жол бир тараптуу жабылып турат.   30-40тан ашык унаа топтолуп калганда, таштарды түшүрүү иштери токтотулуп, өтүүгө… Кененирээк…

Саламаттыкты сактоо министрлиги жакынкы арада 300 жеке медициналык клиниканы жабат

Саламаттыкты сактоо министрлиги жакынкы арада 300 жеке медициналык клиниканы жабат. Бул тууралуу ведомство жетекчиси Алыкадыр Бейшеналиев жарыялады.   Анын айымында, мындай чечим пландан тышкаркы текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен кабыл алынды. Бейшеналиев белгилегендей, жеке клиникалардын болгону 4 пайызы лицензияга ээ болуп, саламаттыкты сактоо министрлигинин талаптарына жооп берет.… Кененирээк…

Нур-Султанда 8-кабатта асылып калган бөбөктү куткарган эркекке 3 бөлмөлүү батир белек кылышты

Нур-Султанда 8-кабатта асылып калган бөбөктү куткарган эркекке 3 бөлмөлүү батир белек кылышты. 11-майда Сабит Шонтакбаев  кичинекей кызды 7-кабаттын терезеси аркылуу чыгып түшүргөн.   Аны өмүрүн тобокелге салганы үчүн өзгөчө кырдаалдар вице-министри медаль жана кол саат менен сыйлады. Ал эми демөөрчүлөрдүн эсебинен насыясы төлөнүп, акимат балдардын… Кененирээк…

Саламаттыкты сактоо министрлиги COVID-19 боюнча статистиканы жарыялоосун токтотту

Саламаттыкты сактоо министрлиги COVID-19 боюнча статистиканы жарыялоосун токтотту. Бул тууралуу 24 агенттигине ведомствонун басма-сөз кызматынан билдиришти.   Мындай чечим өлкөдө соңку күндөрү коронавирустун жаңы учурлары катталбаганына байланыштуу кабыл алынды.   Эгер вирус кайрадан катталса, анда маалымат кайра эле жарыяланат, — дешти министрликтен. Кошумчаласак, пандемия башталгандан… Кененирээк…

Индияда ата-эне уулун балалуу болбогону үчүн сотко берди

Индияда ата-эне уулун балалуу болбогону үчүн сотко берди. Улгайган жубайлар Харидвар шаардык сотуна арыз менен кайрылышкан. Алар келини менен уулу бир жылдын ичинде балалуу болбосо, 50 миллион рупий компенсация талап кылышты.   Бул суммага беш жылдыздуу мейманканада үйлөнүү тоюн өткөрүүгө кеткен чыгымдар, кымбат унаа, ошондой эле… Кененирээк…