Индияда ата-энелер уулу менен келинин сотко беришти

Индияда ата-энелер уулу менен келинин сотко беришти.

Кептин баары жаштардын баш кошконуна алты жыл болуп, азыркыга чейин неберелүү боло электигинде.

Доо арызында ата-эне баласы үйлөнсүн деп чогулткан акыркы акчасын жумшаганын жазышкан.

Бирок алар балалуу болууну ойлонуша элек.

Мындан улам, ата-эне жубайлардан моралдык компенсация катары 65 миң доллар талап кылууда.

Сот арызды жакынкы күндөрү карашы керек.