Кыргызстанда дагы 4 жаңы ГЭС курулат

Кыргызстанда дагы 4 жаңы ГЭС курулат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров жарыялады. Анын айтымында, кеп “Суусамыр — Көкөмерен”, “Сары-Жаз”, “Казарман” жана Жогорку Нарын каскады тууралуу болуп жатат.   Өлкө башчы белгилегендей, аталган долбоорлорду ишке ашыргандан кийин Кыргызстан гидроэнергетикалык потенциалын толугу менен колдоно алат.

Жогорку окуу жайларга кабыл алуу боюнча биринчи тур болжол менен   18-июлда старт алат

Жогорку окуу жайларга кабыл алуу боюнча биринчи тур болжол менен   18-июлда старт алат. Бул тууралуу  novosti.kgге Билим берүү министрлигинен билдиришти.   Абитуриенттерди кабыл алуу 3 этап менен жүргүзүлөт. Экинчи жана үчүнчү тур качан башталат азырынча белгисиз. Эске салсак, мектеп бүтүрүүчүлөрү жогорку окуу жайларга документтерин “Абитуриент… Кененирээк…

Улуттук банк Кыргызстанга акча которуулар азайганын билдирүүдө

Улуттук банк Кыргызстанга акча которуулар азайганын билдирүүдө. Өлкөнүн башкы каржы мекемесинен билдиришкендей, жыл башынан бери Кыргызстанга 757 миллион доллар которулду.   Ал эми март айында эле 153,4 миллион доллар жөнөтүлгөн.  Бул өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 60 миллион долларга аз. Салттуу негизде которуулардын басымдуусу… Кененирээк…

Министрлер кабинети республиканын банктарына Россия жана башка өлкөлөрдө бөлүмдөрүн ачуу тапшырмасын берди

Министрлер кабинети республиканын банктарына Россия жана башка өлкөлөрдө бөлүмдөрүн ачуу тапшырмасын берди.   Акылбек Жапаровдун айтымында, кыргызстандык мигранттар тапкан акчасынын бир бөлүгүн тиричиликке, бир бөлүгүн үйгө жакындарына которууга жумшаса, калган бөлүгүн ошол өлкөдөгү банктардын бирине депозит ачып салып коет.   Бийлик ошол аманаттар үчүн банк… Кененирээк…

Камбар-Ата – 1 ГЭСинин курулушуна даярдык иштерин баштоого мамлекеттик бюджеттен 1,5 миллиард сом бөлүндү

Камбар-Ата – 1 ГЭСинин курулушуна даярдык иштерин баштоого мамлекеттик бюджеттен 1,5 миллиард сом бөлүндү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров жарыялады.   Анын айтымында, бул каражат гидроэлектростанцияга баруучу жолдо туннель жана Нарын дарыясында көпүрө курууга багытталат. Андан тышкары, жогорку чыңалуудагы электр өткөрүү тармактарын өткөрүү, унаа жолун… Кененирээк…

Бассейнге чөгүп кеткен окуучу. 6 мугалим жана завуч иштен алынды

Бишкектеги «Ала-Тоо» аквапаркында сууга чөгүп каза болгон 3-класстын окуучусунун окуясына байланыштуу № 95 мектептин алты мугалими жана башталгыч класстардын окуу бөлүмүнүн башчысы иштен бошотулду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады. Билдирмеге караганда, аталган окуяны териштирүү боюнча атайын комиссия түзүлгөн. «Аквапаркка башталгыч класстан 232 окуучу, тогуз… Кененирээк…

Кыргызстанда сууга түшүү сезону башталды

Кыргызстанда сууга түшүү сезону башталды. Буга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги суудагы эрежелерди эскертет. Куткаруучулардын айтымында, атайын белгиленбеген жерлерде сууга түшүүгө тыюу салынат.   Пляжда спирт ичимдиктерин ичип, сууга мас абалында түшүүгө болбойт.  Башкысы, балдарды суу жээгинде кароосуз калтырбагыла, — дешет куткаруучулар.

Instagram социалдык тармагында жаңы функция пайда болду

Instagram социалдык тармагында жаңы функция пайда болду. Эми колдонуучулар каалаган постторуна атайын белги коюп, аларды дайыма профилдин жогору жагында тургандай кылып жайгаштыра алат.   Алсак, эми маанилүү пост жаңы сүрөт-видеолор киргизилгенде ылдый түшүп кетпей, айыма биринчи сапта сакталат. Буга чейин мындай функция Twitter жана TikTok… Кененирээк…

Бишкек – Ош унаа жолунда кар көчкүгө каршы галереяны куруу уланууда

Бишкек – Ош унаа жолунда кар көчкүгө каршы галереяны куруу уланууда. Министрлер кабинетинин маалыматына ылайык, учурга карата иштердин 85 пайызы аткарылды.   Атайын өтмөктүн жалпы узундугу 460 метрди түзсө, кеңдиги 7 метрге жетет. Объект колдонууга кийинки жылы берилет деп пландалууда. Андан кийин аткаруучу компания бир… Кененирээк…

Бишкекте Акыркы коңгуроону кафе-ресторандарда майрамдоого тыюу салынат

Бишкекте Акыркы коңгуроону кафе-ресторандарда майрамдоого тыюу салынат. Бул тууралуу мэрия эскертет. Муниципалитет маалыматына ылайык, ордо калаанын бардык мектептеринде бүгүн акыркы коңгуроо иш-чарасы өтөт.   Буга байланыштуу кафе-ресторандарда иш-чараларды өткөрүүгө, ошондой эле сейил бактарда сейилдөөгө, жаратылышка, суу сактагычтарга чыгууга тыюу салынат. Тартипти аткарбагандарга катуу чара көрүлөт.… Кененирээк…