Instagram социалдык тармагында жаңы функция пайда болду. Эми колдонуучулар каалаган постторуна атайын белги коюп, аларды дайыма профилдин жогору жагында тургандай кылып жайгаштыра алат.
Алсак, эми маанилүү пост жаңы сүрөт-видеолор киргизилгенде ылдый түшүп кетпей, айыма биринчи сапта сакталат. Буга чейин мындай функция Twitter жана TikTok социалдык тармактарында жеткиликтүү болчу.