Жогорку окуу жайларга кабыл алуу боюнча биринчи тур болжол менен 18-июлда старт алат. Бул тууралуу novosti.kgге Билим берүү министрлигинен билдиришти.
Абитуриенттерди кабыл алуу 3 этап менен жүргүзүлөт. Экинчи жана үчүнчү тур качан башталат азырынча белгисиз. Эске салсак, мектеп бүтүрүүчүлөрү жогорку окуу жайларга документтерин “Абитуриент онлайн” порталы аркылуу тапшырат.