Камбар-Ата – 1 ГЭСинин курулушуна даярдык иштерин баштоого мамлекеттик бюджеттен 1,5 миллиард сом бөлүндү

Камбар-Ата – 1 ГЭСинин курулушуна даярдык иштерин баштоого мамлекеттик бюджеттен 1,5 миллиард сом бөлүндү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров жарыялады.

 

Анын айтымында, бул каражат гидроэлектростанцияга баруучу жолдо туннель жана Нарын дарыясында көпүрө курууга багытталат. Андан тышкары, жогорку чыңалуудагы электр өткөрүү тармактарын өткөрүү, унаа жолун жана куруучулар жашай турган шаарча салуу пландалууда.